super.kg logo
  Саясат  

КСДП "Атамбаевдин тобу энергетика тармагына келген инвестицияны тоноо жолуна түшкөн" деген билдирүүгө жооп кайтарды

 

КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева "Алмазбек Атамбаевдин тобу энергетика тармагына келген инвестицияны тоноо жолуна түшкөн" деген билдирүүгө жооп кайтарды. Бул тууралуу ал бүгүн, 14-августта SUPER.KG порталына билдирди.

"ЖЭБди жаңылоонун айланасындагы ызы-чуу - бул чыныгы коррупцияга каршы күрөштөн көңүлдү буруу амалы. Атамбаевдин убагында Кыргыз мамлекети энергетикалык көз карандысыздыкка жетти. Калкты үзгүлтүксүз электр жарыгы менен камсыз кылуу кепилдиги пайда болду. Адамдар качан жарык өчөт деп коркпой калышты. Энергетика системинде туруктуулук пайда болду. Бул тармакта коррупцияга каршы күрөш Атамбаевдин тушунда башталды. Бирок дагы аткарыла турган иштер бар. Бул маселени кыска убакыттын ичинде чечүүгө болбойт", - деди Жолдубаева.

Бүгүн Бишкек шаарында өткөн тегерек столдо "Түндүк электр" ишканасынын директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Сапар Аргынбаев "Атамбаевдин тобу энергетика тармагына келген инвестицияны тоноо жолуна түшкөн, аны Бишкек ЖЭбдеги окуя көрсөткөн" деп айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: