Бишкектин вице-мэринин милдетин Рыспек Сарпашев аткарат
Бишкектин вице-мэринин милдетин Рыспек Сарпашев аткарат. Бул тууралуу бүгүн, 14-августта SUPER.KG порталына мэриянын аппарат башчысынын милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев билдирди.
Сарпашев "Тазалык" ишканасынын директору болуп 2014-жылдан бери иштейт.
Буга чейин вице-мэрлик кызматын аркалаган Эркинбек Исаков өз каалоосу менен кызматтан кетти. 8-августта Азиз Суракматов Бишкек шаарынын мэри болуп шайланган. Добуш берүүдө 43 депутат "макул", 1 депутат каршы добуш берген.
Бүгүн өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкектин жаңы мэри Азиз Суракматовду мэриянын жамаатына тааныштырды.
Мэриянын аппарат башчысынын милдетин Балбак Түлөбаев аткара турган болду. Ал эми биринчи вице-мэрдин милдетин Алмаз Бакетаев аткарат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:15
2026-02-21
15:31
2026-02-21
14:45
2026-02-21
10:22
2026-02-21
Рейтинг:
-1
-1
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















