super.kg logo

Зордуктоодон качам деп терезеден секирген кыздын окуясы. Спортчу Улан Эралиевдин иниси өз оюн айтты

 

Спортчу Улан ЭралиевПанкратион боюнча Евразиянын 2 жолку чемпиону Улан Эралиевдин мейманканада зордуктоодон качам деп терезеден секирип жиберген кызга тиешеси жок. Бул тууралуу иниси Нурлан Эралиев SUPER.KG'ге 14-августта кабарлады. Анын айтымында, бул көрө албаган адамдар тарабынан жасалган каралоо.

"Бул окуяга агамдын тиешеси жок. Кыз өзү деле беттешүүдө агамдын тиешеси жок экенин айтты. Кээ бир көрө албаган адамдар да бар экен, каралоого аракет кылып үй-бүлөбүздүн беделине шек келтирди. Айрым маалымат каражаттары да маалыматты туура эмес таратышкан", - деди Нурлан Эралиев.

3-август күнү 19 жаштагы кыз милицияга У.Э. аттуу адамдын үстүнөн арыз жазган. Жазган арызында ал адам менен кафелердин биринде таанышып, андан кийин мейманканага барышканын, зордуктоого аракет кылганда терезеден секирип кеткенин билдирген. Терезеден секирген учурда омурткасы сынып кетип, учурда ооруканада жатат.
Айрым маалымат каражаттары кызды зордуктоого аракет кылган адам панкратион боюнча Евразиянын 2 жолку чемпиону Улан Эралиев экенин жазып чыгышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
14.08.2018. 21:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гостиницага барып эс алалы дешкен экен да. Туура кыздар менен эс алып да туруш керек.
Ka2sr1 түзөттү 2018-08-14 21:15:37
14.08.2018. 21:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Агаңын тиешеси болбосо анан кимдин тиешеси бар экен? Кыз тоок эмесда айнектен секиргидей. Ким билет кандай кылып сүйлөшкөнүңөрдү?!
14.08.2018. 21:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эми кыз куноолу болуп чыкпаса болду.жадагалса кее бир адамар каза болгон Бурулайды куннолоп жазыпатышатко
15.08.2018. 04:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тоок болбосо анда эмнеге таанываган адам менен гостиницага барат. Кичине ойлонсонор . Азыр ушундай капканга илем деген ою жаман кыздар кобойуп кетти!
15.08.2018. 08:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
3-августта болсо он күндөн ашык убакыт эмне кылып жүрдү чемпион байкебиз?Бир кудай билет ким ак ким кара экенин.Эртерээк актанса болмок экен эл ошондо ишенет белеееее дегендей
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: