super.kg logo

"Менин баламды мектепке кабыл алыңызчы". Укук коргоочулар балдарды мектепке киргизүүгө көмөк көрсөтүшөт

 

Балдарды мектепке киргизүүдө ата-энелер бир топ кыйынчылыктарга туш болуп жатышканына күбө болуп келебиз. Ар бир баланын билим алуусуна шарт түзүү максатында "Менин баламды мектепке кабыл алыңызчы-2018" аталышындагы акция башталды.

Билим берүү министрлиги балдар укуктарын коргоо боюнча коомдук фонд менен биргеликте ата-энелерге укуктук жардам көрсөтөт. Ата-энелерден "Мектепке чейинки даярдыкты өткөндүгү тууралуу сертификат", башка үлгүдөгү мектеп форма, кошумча төлөмдөр же жашаган жеринен маалымдама талап кылган учурларда алар укуктук кеңеш алуу үчүн кайрылса болот.

"Ар бир окуяга көңүл бурулат. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөр балдарын мектепке бере албай жатканына күбө болсоңуздар кайдыгер карабаңыздар", - деп айтылат маалыматта.

Укуктук кеңешти +996 312 66 25 87, +996 771 45 44 45 телефон номерлери аркылуу алса болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
15.08.2018. 09:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Прививка албаган балдарды мектепке албайбыз деп жататко ошо жонундо да маалымат берсенер жакшы болмок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: