super.kg logo

Салыктарды өз убагында төлөбөгөн жарандарды текшерүү үчүн рейд уюштурулат

 

Салык кызматы унаа, турак жай жана жер салыктарын төлөө мөөнөттөрү өткөндөн кийин рейд жүргүзөт. Бул тууралуу аталган ишкананын маалымат кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы жарандарды унаа, турак жай, батир (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган) жана жер (короо жай, короо жай алдындагы бак чарба жер участогу) салыктарын төлөө мөөнөтү аяктаганга чейин төлөөгө чакырат.

Эскерте кетсек, унаа салыгын ушул жылдын 1-сентябрына чейин, турак жай, батир жана жер салыктарын 2-сентябрына чейин төлөө зарыл. Салык кызматы көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин унаа салыгын төлөбөгөн жарандарды табуу боюнча рейд жүргүзүлүп, кыймылсыз мүлк боюнча үй жана батирлердин ар бирин кыдыра турганын эскертет.

Ошону менен бирге салыктарды өз убагында төлөбөгөндөр үчүн 2000 сом өлчөмүндө административдик айып салынып, туум эсептелмекчи. Салыктарды бардык банк мекемелеринен, почта түйүндөрүнөн, төлөм терминалдарынан, интернет жана мобилдик банкингдерден төлөөгө болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
15.08.2018. 09:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен орусия журом 6 жылдан бери участоктун налогун тологон эмесмин кандай жол жобосу бар бирип берсенер жакшы болмок
15.08.2018. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Байлардын килейген маркет,ишканаларын салыгын да бир текшерип корбойсунорбу,же козунорго бир метр жерде соода кылып,бир уй було баккан карапайым калкты коруп атабы?
15.08.2018. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Урматтуу админ, турак жайдын налогу тууралуу да билип берсениздер, менин квартирам 80 кв метр, мен налог толоймунбу,100 кв метрден жогоркуларга гана салык толонот деп уккан жайым бар эле, Рахмат!
kechirmeni түзөттү 2018-08-15 09:59:08
16.08.2018. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kechirmeni,Muratmipa, саламатсыздарбы. Сунуш-сурооңор тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: