III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата 1 миллион сомдон ашык каражатка таштанды салуучу урналар жасалууда

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата 270 таштанды салуучу урна даярдалат. Бул тууралуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы билдирди.
"Жалпы баасы 1 миллион 826 миң 600 сомду түзгөн таштанды салуучу урналардын 100 даанасы “Чолпон-Ата” ат майданына, ал эми 200 даанасы Кырчын жайлоосуна оюндар өтүүчү жерлерге коюлат. Учурда урналардын 100 даанасы даяр. Ал эми 170 даанасы 28-августка чейин толук даяр болот", - дейт маалымат кызматы.
Таштанды салуучу контейнерлерди даярдоо боюнча сынак Ысык-Көл-Нарын жаратылышты коргоо жана токой тармагын өнүктүрүү жергиликтүү фонду тарабынан жарыяланып, ал эми аны каржылоо Жаратылышты коргоо жана токой тармагын өнүктүрүү республикалык фонду тарабынан жүргүзүлгөн.









1 |