УКМКнын мурдагы жетекчиси Мурат Суталинов абактан ооруканага которулду
УКМКнын мурдагы жетекчиси Мурат Суталинов абактан Улуттук онкология борборуна которулду. Бул тууралуу бүгүн, 15-августта Жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, соттолуучу бөйрөк оорусуна байланыштуу ооруканага которулган.
“Ал соттолгонго чейин эле ооруп келген экен. Акыркы убакта №47-түзөтүү мекемесинде дарыланып жаткан. Анын ооруканага которулганына бир апта болду. Учурда ал кайтаруу алдында дарыланууда, ооруканадан качан чыгары белгисиз”, - деди Сабатарова.
Мурат Суталинов 2006-2010-жылдары УКМКны башкарган. Ал "2010-жылы 7-апрелде митингге чыккан адамдарга каршы курал колдонгон жана кызмат абалынан ашыкча пайдаланган" деген айыптын негизинде 20 жылга соттолгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
0

Комментарийлер(4)
Tolik777

15.08.2018. 11:05
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бийлик мансабын дурайын, кечээ эле журду эле чакайып площадда ар турлуу колу менен онор коргозуп.
RNA78

15.08.2018. 11:17
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
"Соттолгонго чейин эле ооруп аткан эле" - деп, УКМК жетекчилигине зордоп эле дайындап койгондой суйлойт го Сабатарова. Ооруп атса ишини мурда тапшырып бериш керек эле.
bond02

15.08.2018. 11:24
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Бул киши УКМКда иштеп жургондо силер бул кишиге жакындаштан коркуп журсонор керек эле, дагы мурда эле ооруп журчу эле дегендерине куйосун да.
tursunbaev78

15.08.2018. 12:11
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эртең ооруусуна байланыштуу актап койсоңор таң калбайм,бизде адатка айланып калды бул нерсе
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.