Эки айдан ашык убакыттан бери дайынсыз болуп жаткан өспүрүм кыз табылды
Эки айдан ашык убакыттан бери дайынсыз болуп жаткан 15 жаштагы Диана Турдубаева аттуу кыз табылды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 15-августта Биринчи Май РИИБинин кылмыш издөө бөлүмүнөн кабарлашты. Маалым болгондой, өспүрүм кыз 14-август күнү Ош шаарында жүргөн жеринен табылды.
"Изделип жаткан кыз Ош шаарынан табылды, абалы жакшы. Ал жөн гана Ош шаарын көрүү үчүн сейилдеп барган экен", - деп билдиришти райондук милициядан.
Диана Турдубаева 8-июнь күнү саат 12:00дөр чамасында Бишкектин четиндеги Жеңиш конушундагы үйүнөн дүкөнгө чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп изделип жаткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
-1

Кийинки жаштарга ыйман берсин, наркы кочого ойноп келгени апабыздан уруксат алуу кыйын эле. Бишкектен Ошко айтпай-дебей кетип калуу (башымды чайкадым)...