ЭЛДИК ВИДЕО: "Маркумду жерге берүүдөгү жат көрүнүш"
"Элдик видео" бөлүмүнө "Маркумду жерге берүүдөгү жат көрүнүш" деген аталыштагы видео жүктөлдү.
Видео кайсы аймакта тартылганы тууралуу так маалымат жок. Анда жүздөн ашык кишинин маркумдун сөөгүн көтөрүп "Аллаху Акбар" деп кыйкырып кетип жаткандыгы тартылган. Сөөктү коштоп бара жаткандардын арасынан калпак кийген кишилерди байкоого болот.
Бул видео тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн мусулмандарынын дин башкармалыгынан SUPER.KG порталына төмөндөгүлөрдү айтып, мусулмандарды мындай көрүнүштөрдөн сактанууга чакырды:
"Табытты көрүстөнгө алып бара жатканда кыйкырык, сүрөөн кылуу Ислам шариятында жакшы эмес. Пайгамбарыбыздын бул нерседен тыйгандыгын бизге Абу Хурайра жеткирген. "Табыттын артынан кыйкырык-сүрөөн кылынбайт, от да жагылбайт" деген пайгамбарыбыздын насаатын Абу Давут жеткирген. Ал эми Харундун жеткирген маалыматында пайгамбарыбыз табыттын астына түшүп алып басуудан да тоскон", - дешти муфтияттан.
Маркумду жерге берүүдө жат көрүнүш

Чубагынар аман эле болсунчу. Чубак молдонордон улгу алам дегендер журушот го, ушинтип аллах акбор деп окурушуп, бакырышып фанат болушуп, эки аял алгылары келип.
Ошондуктан кыргыз жаштары сакалчан молдолордон улгу албай Айтматов, Раззаковго окшогон адамдарды даназалап ушулардан улгу алышыбыз керек.
Тема боюнча айтсам, булар шииттер окшойт.