super.kg logo

Кытайлык жарандын Сокулуктагы кафель чыгарган заводунан 20дан ашык адам жумуштан кетип калды

 
Сүрөт 27-июлда тартылган

Сокулук районундагы кафель чыгарган заводдо иштеген 20дан ашык адам жумуштан кетип калды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 15-августта аталган заводдо иштеген Бактыбек аттуу (белгилүү себептерден аты өзгөртүлүп берилди) жаран кабарлады. Анын айтымында, завод төлөп берген акы жумуш шартына туура келбейт.

"Келишим боюнча 8 саат иштеп, 12 миң сомдон 18 миң сомго чейин айлык алуу каралган. Бирок биз 12 саат иштеп жатабыз. 27-июлда заводго ээлик кылган кытайлык ишкердин жумушчуну сабагандыгына байланыштуу митингге чыкканыбызда эмгек келишимди өзгөртүү талабын койгонбуз. Бирок ал талап аткарылган жок. Ошондуктан 20дан ашык кызматкер жумуштан кетип калды", - деп билдирди Бактыбек.

Аталган заводдун администрациясы айтылган маалыматты тастыктап: "Ооба, 20дан ашык кызматкер жумуштан кетип калды. Бирок себебин айта албайбыз", - деп билдиришти.

27-июль күнү аталган заводдун алдына 100дөй жаран митингге чыгып, кытайлык ишкерден кылган аракети үчүн кечирим суроосун талап кылышкан. Өзүн Жакшылык деп тааныштырган жарандын айтымында, завод ээси 27-июлга караган түнү 3-4 Кытай жараны менен мас абалда келип тамак-аштарды чачып, Султан Мукашев аттуу жумушчуну себепсиз сабап, телефонун талкалап салган.

Облустук милициянын маалымат кызматынын ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барып, тийиштүү материалдарды чогултуп, арыз ээлери менен ишкерди суракка алганын кабарлаган.

Кыргыз жаранын мас абалында уруп салды делген кытайлык ишкерден окуя тууралуу комментарий алуу мүмкүн боло элек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
15.08.2018. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Оз жерибизде озголордон сабалып жатсак башка жерлерди айтпай эле койолу кайран кыргызым(((
15.08.2018. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ИВСке камаш керек болчу да кытайларды.Кыргызды кыргыз ичип урса касап эле салат го
15.08.2018. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ушунун баарына Кыргыздар озубуз куноолубуз. $корсотсо баарын сатканга даярбыз.кеч боло электе ойлонолу биздин душман Кытай
15.08.2018. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Өпкөсүн үзүп сал ары! Өлдү го өз мекенинде кордолсон!!!. Москвада иштеп мени эч ким мынчалык жеткирбейт
15.08.2018. 20:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бөтөн улуттар келип биздин мамлекетте, өз үйүндө кордосо, милиция кызматкерлери карап койбосо кимге ишенесин??? Өзбектер бүтүп, эми кытай эле жетпей калды
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: