super.kg logo
  Саясат  

КРнын Тышкы иштер министри Филиппин жана Замбиянын КРдагы элчилеринен Ишеним грамоталардын көчүрмөлөрүн алды

 

29-июнда Исламабад шаарында Филиппиндин Кыргызстандагы жаңы дайындалган элчиси Лученарио Доминго КРнын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевге Ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы маалымдады. Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн келечегин, саясий диалогду күчөтүү жана келишимдик-укуктук кызматташууну кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагында кызматташуу маселелерин талкуулашты. Э.Абдылдаев кыргыз-филиппин мамилелеринин бардык тармактарын жакшыртуунун зарылчылыгын белгилеп, Филиппиндин жаңы элчиси менен жемиштүү иштешүү ниетин билдирди. Мындан сырткары ушул эле күнү ТИМдин жетекчиси Москва шаарынан Замбиянын толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Фредерик Шумба Хапундадан Ишеним грамотасынын көчүрмөсүн кабыл алды. Тараптар актуалдуу маселелерди жана кыргыз-замбия мамилелеринин өнүгүү келечегин талкуулады. Э.Абдылдаев Фредерик Шумба Хапунданы Кыргызстанда элчи болуп дайындалышы менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: