super.kg logo

"Ала-Тоо" полигонунда жоокерди сабады делген офицердин апасы: "Уулум жоокерди сабаган эмес, бир жоокердин мончобузду курууга жардам берүүгө келгени чын"

 

Буга чейин Аламүдүн районунун Кой-Таш айылындагы №73809-аскер бөлүгүндө аскердик кызмат өтөп жаткан 6 жоокер офицерлер тарабынан ур-токмокко кабылганын укук коргоочу Азиза Абдирасулова айтып чыккан. Бүгүн, 15-августта жоокерди сабады делген офицер Уланбек Орозбаевдин жакындары маалымат жыйын өткөрүп, өз ойлорун айтышты. Апасы Закия Абдыкеримованын айтымында, бул Уланбек Орозбаевди жөнү жок каралоого болгон аракет.

"Укук коргоочу Азиза Абдирасулова жалган маалыматты коомчулукка көтөрүп чыгып, Кыргыз армиясын жаманатты кылды. Апаларды, жоокер болом деп турган балдарды ирээнжитти. Бир жоокер "автомат менен аткылады эле коркуп кеттим" деп жатат. Аларда эч кандай автомат жок. Ок атуу даярдыгында келгенде гана колуна курал алышат. Мен ошол жердеги аскердик казарманын жанында жашачумун. Ашып кетсе 10-11 гана жоокер бар болчу. Алар ок атуу даярдыгына келген жоокерлерге гана керектүүлөрдү дайындап турушат. Балдарды сабайт деген үч уктаса түшкө кирбейт. "Бир жоокердин кулагына уруп, анын кулагы канап кеткен" деп менин баламды жамандап жатышат. Бирок кулагы канабаптыр. Урууга алып бара тургандай ал бала бир нерсе деген болуш керек.

Андан сырткары "жоокерлерди башка бирөөлөрдүн жумуштарына иштетип турушчу" деп айтышууда. Андай болгон эмес. Чынында мончо куруп жатканыбызда бир жоокер өз каалоосу менен жардам берүүгө келиптир. Уулум экөөбүз үйдө эмес болуп, улуу баламдын баласы иштеп жаткан. Жоокер үйгө келип телефон чукулап эле отурган экен. Аны УКМКда иштегендерден келип көрүп калып, видеого тартып алыптыр. Неберем телефон чалып "бирөөлөр келип алып видеого тартып жатат" деп калды. Барсак "мына бул ишти жасадым" деп көрсөт" деп видеого тартып жатыптыр. Уулум дагы, мен дагы түшүнгөн эмеспиз.

Чынында, аскердик бөлүктүн мончосу кышында тоңуп калгандыктан жоокерлер ар кайсы үйдөгү мончолорго суранып барып жуунуп келишет. Уулум экөөбүз "алыс барышпасын, ушул жерге эле жуунуп алышат" деп алар үчүн үйгө мончо салып жатканбыз. Колунан жетелеп алып келген эмеспиз, өз каалоосу менен келген", - деди Абдыкеримова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(16)
15.08.2018. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Алыбетте баланызды коргоп ушинтесизда. Калптыда окшотуп айтынызчы
15.08.2018. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Айланайындар апанарды кошпой озунор жооп берсенер,
15.08.2018. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Эмне учун жоокер мончо салыш керек офицерлердин жумушун кылганы барды беле армияга кызык го демек буга чейинки жоокерлер сарайын салып берген го дейм...
15.08.2018. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Апасы баласы менен куну -туну биргеликте служба кылат бейм. Мончолорунан бери салдыртса, кайран кадыры кеткен Кыргыз Армия.
Апакеси, Сиз деле энесиз го, уулунузду бироо мазактап атса чыдап отурат белениз?
15.08.2018. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Апасын кошуп соттогула. Бийлик ишке киришкиле. Биздин армия эмне башкаларга оюнчукпу
15.08.2018. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Апанарды кошпогулачы ушундай майда разборкаларга, апалар баары бир баласы учун калп айтканга да барат балам аппак деп. Бизде Курманжандай апалар калбаса керек баласын ажалга тике кара деген.
15.08.2018. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ой тооооообоооооо мончону жоокерлер учун салып жатавыз дейтко
15.08.2018. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жоокерлердин оз эрки менен качан эле каалаган жагына чыгып калышты экен?Ар бир кадамы эсептелуу го.Калпы окшошпой калыптыр.Оз каалосу менен кете бергидей жоокерлер базарда журобу?
15.08.2018. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кайсы Эне баласын күнөөлүү десин? Баласы урган эмесмин деп койсо Эне байкуш ишенди да. Уулунда намыс жок экен. Кылган ишине Энесин аралаштырбай өзү жооп бериш керек эле.
15.08.2018. 21:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Энеси аскер болугунун командири эмес бекен случайно,ийне жибине чейин билетко
15.08.2018. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Карга да баласын аппагым дейт....
15.08.2018. 22:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ой тообо өз каалоосу менен келди дейт өзү келбейт ошол баласы уруп алып келсе керек
16.08.2018. 09:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Солдаттарды алпарып иштеткени чын биз да солдат болгонбуз билебиз
16.08.2018. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Карга баласын аппагым дейт
16.08.2018. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кирпи баласын жумшагым дейт
17.08.2018. 03:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бетиңер бет эмес эле бетон экен))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: