super.kg logo
  Саясат  

Депутат Абдывахап Нурбаев: "Дүйнөлүк практикада анклавдарды алмаштыруу жолу менен чек ара маселеси чечилгенин билбейт экенмин"

 

Чет өлкөлүк "Интерфакс" жана "Фергана" агенттиктери Барак анклавын Кыргыз мамлекети Өзбекстанга берип, ордуна Кара-Суудан жер алат, ошондой жол аркылуу көп жылдан бери келе жаткан бул маселени чечет деп жазып чыгышты. Ошого байланыштуу SUPER.KG порталынын "Жер алмашуу менен чек ара маселесин чечүү туурабы?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев жооп берди.

Ал бул маселе боюнча парламент сөзсүз өз баасын берерин айтты.

"Бул маселе боюнча расмий маалымат парламентке келе элек. Мен да маалыматты интернет булактарынан эле окудум. Жогорку Кеңеш жумушка чыккандан кийин бизге өкмөт документтерди берсе, ошол боюнча карап чыгып, кеңири позициябызды, пикирибизди билдиребиз.

Дүйнөлүк практикада анклавдарды алмаштыруу жолу менен чек ара маселеси чечилгенин билбейт экенмин. Бул боюнча ошол аймакта жашаган элдин оюн угуп, жеринин аянтын өлчөп жана башка керектүү маалыматтарды алышыбыз керек. Андан кийин гана бул иш боюнча так чечим чыгаруубуз зарыл. Эгер өкмөт келишим түзгөн болсо, анын толук шарттарын карап чыгуу зарыл. Менимче, мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы толук корголгон болсо, алмаштырса болчудай", - деди Нурбаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Баатырбеков, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Улукбек Кочкоров, Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын кеңешинин төрагасы Токон Мамытов, мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков, саясат таануучу Алмазбек Акматалиевдин пикири бул шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: