Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Өзбекстан менен жер алмашуу маселеси тууралуу кабары жок экенин айтты
Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев Өзбекстан менен Кыргыз өлкөсүнүн ортосундагы чек ара меселеси боюнча сүйлөшүүдөн толук кабардар эместигин SUPER.KG порталына айтты.
"Өзбекстан менен чек ара маселеси боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, бирок канчалык деңгээлде сөз болгонунан кабарым жок. Бул маселе боюнча өкмөттүк комиссия бар, ал комиссияга менин орун басарым Байыш Юсупов кирген", - деди Жылкыбаев.
Кечээ, 14-августта азербайжандык "Интерфакс" маалымат агенттиги өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Байыш Юсуповго таянып, Өзбекстандагы Барак эксклавы Кыргыз өлкөсүндөгү ошол сыяктуу аймакка алмаштырыла турганын жазып чыккан.
Кыргыз өкмөтү Кыргыз-Өзбек чек арасын тактоо боюнча өкмөттөр аралык жумушчу тобу иштеп жатканын билдирди. Маалыматта Барак маселеси да каралганы айтылат. Өкмөт такталбаган жерлер боюнча сүйлөшүү иштери жүрүп жатканын билдиргени менен жер алмашуу тууралуу маалыматты азырынча тастыктай элек.


Барак анклавын алмаштырбай эле коридор ачтырыш керек... Чек арадан Барак анклавына чейин болгону 1,5 чакырым жер экен. Ошол коридорду Соке 5 жыл губернатор болуп чечпеген, эми да чече албасына козу жетип Озбекистандын шартына конуп отурат да.
Болбосо тээ ичкеридеги Сох, Шахимардан анклавдарына Кыргызстан коридор ачып берип отурат го...
Озу Сокендин колунан иш келбейт, ошону жаап жашырышынар керек да... Соке губернатор болуп турганда да Барак анклавындагылардын койгойун чечкен эмес... Жер берилет дегени менен, биртке эле адамга жер берилип, калганы жен ичинен башкаларга сатылып кеткен, Барактыкьагылар учун деп брлунгон жерден. Ал боюнча Азаттыктын телерепортажы да бар, теледен корсотулгон..
300 км басып айланып отсунбу деп акмактын созун суйлобой, Сокеге айтсанар болбойбу, коридор ачтырып бер Барактыктарга деп...