super.kg logo
  Саясат  

Мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков: "Чек ара маселесине бийлик жетекчилери олуттуу мамиле кылуусу керек"

 

Чет өлкөлүк "Интерфакс" жана "Фергана" агенттиктери Барак анклавын Кыргыз мамлекети Өзбекстанга берип, ордуна Кара-Суудан жер алат, ошондой жол аркылуу көп жылдан бери келе жаткан бул маселени чечет деп жазып чыгышты. Ошого байланыштуу SUPER.KG порталынын "Жер алмашуу менен чек ара маселесин чечүү туурабы?" деген соболуна мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков жооп берди.

Ал чек ара маселесин чечүүнүн эки жолуна токтолду.

"Чек ара маселеси ар бир өлкө үчүн эң орчундуу маселе болуп эсептелет. Биздин Баш мыйзамда "Кыргыз Республикасынын азыркы чек арасындагы аймагы бүтүн жана кол тийгис" деп жазылган. Ошон үчүн чек арага байланыштуу маселеге бийлик жетекчилери олуттуу мамиле кылышы керек.

Чек арага тиешелүү көйгөйлөрдү чечүүнүн бир топ жолдору бар. Алардын эң жакшы эки жолу бар. Биринчиси, бул коңшу өлкөлөр менен сүйлөшүп биздин тургундар жана алардын тургундары анклавдарга кыйналбай кирип чыгууга мүмкүнчүлүк түзүп бере турган коридорлорду ачып берүү зарыл. Анткени ошол аймактарда илгертеден бери жашап келген тургундар Ата Журтун таштагысы келбейт. Ал жерлерде ата-бабасынын сөөктөрү көмүлгөн, көчүп кеткен учурда да бабаларга багыштап куран окутуу үчүн киндик каны тамган жерлерге барып турушат.

Ал эми экинчи жолу жергиликтүү тургундар ар кандай кыйынчылыктардан жана муктаждыктардан улам ал жерлерде жашабай башка жакка көчүп кетип жатышса, анда эки мамлекет макулдашып, жерлердин шартын жана көлөмүн салыштырып анан алмашууга барганы да туура. Муну туура эле кабыл алуу керек", - деди Исаков.

Жогорку Кеңештин депутаттары Алмазбек Баатырбеков, Абдывахап Нурбаев, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Улукбек Кочкоров, Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын кеңешинин төрагасы Токон Мамытов, саясат таануучу Алмазбек Акматалиевдин пикири бул шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: