super.kg logo

Ири маркеттин администратору товарда көрсөтүлгөн баа менен кассадагы баада айырма бар деген маалымат боюнча жооп берди

 

Буга чейин "Бишкектеги "Алма" ири маркетинде текчеде жазылган баа менен кассадагы баа айырмаланып жатат" деген билдирүүсүн Александр Никсдорф аттуу керектөөчү билдирген эле. Анда ал аталган гипермаркеттен айран сатып алып, чектен баадагы айырмачылыктарды байкап калганын белгилеген.

Бул боюнча гипермаркеттин администраторуна кайрылганыбызда, керектөөчүнүн бул сынында негиз бар экенин айтты.

"Александр Никсдорфтун айткан сынынан кабарыбыз бар. Бизден кеткен катачылыктан улам ал тургундун алган товарын кайтарып алганбыз. Айрым учурларда кызматкерлер товардын баасын компьютерге туура эмес киргизип алышат. Кээде баасы өзгөргөн товарлардын текчедеги бааларын алмаштырганга жетишпей калабыз. Ошондуктан айрым учурларда текчедеги жана кассадагы суммада айырмачылык болуп калышы мүмкүн. Бирок мындай учурлар байма-бай катталат дегенден алысмын. Азыр бардык катачылыктар жоюлган", - деди ал.

Бул сөздөрдүн чын-төгүнүн аныкташ үчүн, аталган ири маркеттен биз да айран сатып алып, бааларды салыштырып көрдүк. Айырмачылык болгон жок.

Ал эми Никсдорф өзүнүн билдирүүсүндө 2,5 пайыз майлуулуктагы айран алып, кассадан 3,2 пайыз майлуулуктагы айрандын баасын - кымбатыраак төлөгөнүн, биринчи ирет ага көз жумуп коюп, кийин дагы эле ушундай көрүнүшкө туш болгонун билдирген. Анын бул билдирүүсү интернетте талкууга алынган эле.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(7)
15.08.2018. 21:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эми баарын иретеп алып актана бересинер туштон кийин
15.08.2018. 21:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен мисалы "народный" менен "арзан"-деген дукондорго кирип соода кылганда постоянно бааларында айырмачылык болот!Унчукпаймын.Себеби кундо кирбейм,зарыл болгондо гана кирбесем .Бир жолу эмне учун баалары озгоруп кетти кассадан деп сурасам,течедеги бааларды ондоп коёбуз эски баалар деп тушундурду.
15.08.2018. 21:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Оштогу Аалам маркетинде да ушундай. Алмаштырганды унутуп калышат имиш. Ал тургай бир жолу албаган бананыма 47 сом толопмун. Кассадан кошуп коюшуптур. Чыгып эле кайра коруп чекти кайра кирсем баштыгымы антарып, видеокамерасынан карап зорго моюнга алышкан. Кайра эсептеп жатып витринадагы огурцынын баасы ондолбой калыптыр деп 24 сом кайра дагы толотушкон.кыскасы оозум ачылган.
15.08.2018. 22:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Менда андайга туш болгом ананда биз сатып алып жатканда бааларын озгортуп журушуптур гипермаркет эрте мененки 8ден тунку 12ге чейин иштейт ошону эл келе жлек убакта же 12киден сон алмаштырсын 8жарым 9да алмаштырып элдин маанайын тушурбой
16.08.2018. 00:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Москвада дагы толтура аны кемирлер эле талашып акырына жетпесе, корсотсон дагы мойнуна алышпайт, бекерчи адам болбогон сон. Айтып коюп тим болосун.
16.08.2018. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
RusMos76, Москвада убагында тактап алып айтсан. Бат эле акчанды кайтарып берет.
16.08.2018. 06:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баасын ойдо толосон по закону разницасын толоп бериши керек да бизде законду коп иштете бербейбиз да мейличи деп кетип калабыз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: