super.kg logo

Таш-Көмүр шаарында оор кылмышка шектүү жаран кармалды

 

Жалал-Абад облусундагы Таш-Көмүр шаарында оор кылмышка шектүү жаран кармалды. ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, 28-июнда милиция бөлүмүнө шаардын көчөсүндө бир кишини өлтүрүп кетишкендиги тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери 37 жаштагы Р.Анын жансыз денесин табышкан. Бул айым көкүрөгүнө жана башына 5 жолу сайылган бычактан улам каза болгон. Ыкчам иликтөөлөрдүн натыйжасында кылмышка шектүү катары маркумдун 6 жыл мурун каза болгон күйөөсүнүн иниси, 1982-жылы туулган К.З. кармалган. Иликтөөнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, маркум Орусияда иштеп жүрүп, балдарын көргөнү аталган шаарга келген. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча кылмышка шектүү кызганычтын айынан Р.Аны бычактап салган. Маркумдун аркасында 4 баласы жетим калган. Ал эми милиция кызматкерлери “адам өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, кылмышка шектүүнү убактылуу кармоочу жайга камашкан. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
01.07.2013. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай карапайым бечаралар кылмыш кылса сразу эле колго тушуп калат,а жогорудагылар каратып туруп жайлап кетсе да жылдап колго тушпой журо беришет.Заман эмне болуп баратат,аябай окунучтуу,кимге арызданып ,кимге эмне дээринди да билбейсин.Укчу киши жок,чеччу киши жок,жазып ,жазып кала бересин....Олойун десен жан таттуу,олбойун десен заман ачуу....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: