super.kg logo
  Саясат  

Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Кыргыз өлкөсүнө расмий иш сапары менен келет

 

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Кыргыз өлкөсүнө расмий иш сапары менен келет. Бул тууралуу өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад облусунда эл менен жолугушуу учурунда билдирди.

Маалыматка караганда, анын сапары сентябрдын башында орун алат.

"Режеп Тайып Эрдогандын Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына коңшу өлкөлөрдүн башчылары менен бирге катышары күтүлүүдө", - деди Жээнбеков.

Түрк лидери Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык уюмунун VI саммитине катышып, Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуу өткөрөрү белгилүү болду. Бул маалыматты Түркия тарап да тастыктаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 12 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: