super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: Окурман: "Пенсияга чыгуудагы документтерди ырастоодо систем өзгөрбөсө, ортодон акча өөнөп калгандар токтобойт"

 

Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Н.Жумаева аттуу тургуну "Элдик кабарга" кайрылып кабылган көйгөйү тууралуу айтып берди. Жумаеванын билдиргенине ылайык, анын 70 жаштагы кайнатасы аялын пенсияга чыгарууга документ даярдап жатат.

"15-август күнү кайненемдин документтерин тактаганы Сузак районунун Жерди каттоо бөлүмүнө барса анда иштеген кызматкер 170 сом банкка төлөп кел дептир. Ага макул болуп эле төлөп келген.

Келгенден кийин эми мага 580 сом бересиз, болбосо документтериңизди даярдабайм дептир. Кайнатам акчам жок десе документтерин ыргытып, орой мамиле жасаганда ал мага чалды.

Мен барып "580 сом эмне үчүн алынарын түшүндүрүп бериңиз, анткени бул колго берилип жатат?" десем мага да жооп берген жок. Ал кызматкерден "Мамлекеттик каттоо кызматы өзүн өзү каржылайт, мамлекеттин бир тыйын пайдасы жок, каалаган жагыңарга барып арыздангыла, коркпойм" деген жоопту уктук.

Бизде бардык документтер туура толтурулган, кемчилик жок болчу. Болгону 1996-жылы бөлүнгөн жер үлүштү 1999-жылы бөлүнгөн деп өздөрү туура эмес жазып коюшкан. Кайра ошону оңдоого акча сурап жатканын кийин түшүндүк.

Менин айтарым, улгайган адамдар пенсияга чыгууда документ даярдап жатып кээ бир жагдайларды түшүнбөй, улам бир мекемеден экинчисине чуркай албай көп эле кызматкерлерден кагуу, жеме жейт. Бирок чыдашат. Менимче, документ даярдоонун системин өзгөртпөсө ортодон акча өөнөгөндөр токтобойт", - деди ал.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
16.08.2018. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Туура маселе. 21-кылым орусча айтканда "бумажный век" болуп калды. Ашыкча документтин эмне кереги бар.
16.08.2018. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Туура,кары картаңдар түшүнбөй көп сурашат,жол жоболорун билбей ар эшикке кирип убара тартышат,алардын тушунбогонун, унчуга албаганын билип акмактар,өздөрүн кудай сезип алышкан.кагып силкип,кыйкырып,жалган шылтоолор менен акчасын алып...ушуга так жооп алып берсенер
16.08.2018. 22:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акча, акча ар бир мамлекеттик органга кирсен эптеп пара алмай максаты. Ошо акчаны бюджетке токсон бир жон.
18.08.2018. 23:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура колго эч качан акча бербеш керек квитанция талап кылыш керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: