super.kg logo

Өлкөдө туристтик милиция пайда болот. Кызматкерлердин айлыгы 10 миң сом

 

2018-жылдын аягына чейин өлкөдө туристтик милиция өз ишин баштайт. Бул тууралуу 16-августта маалымат жыйында ИИМдин маалымат кызматынын башчысы Бакыт Сейитов билдирди.

"Ушул жылдын аягына чейин туристтик милиция толугу менен түзүлүп бүтүп, өз ишин баштайт. Бул бөлүм өлкөдөгү туризм саясатын жакшыртуу, эс алуучу жайларда коомдук тартипти сактоо максатында уюшулуп жатат. Жыл сайын эс алуучулардын саны көп болгон Ысык-Көлгө коомдук тартипти сактоо үчүн аймактык милиция кызматкерлери тартылчу. Туристтик милиция толук түзүлүп бүткөндөн кийин андай муктаждык болбойт", - дейт Сейитов.

Туристтик милициянын кызматкерлеринин маянасы канча болору жана алар Ысык-Көлдө эс алуу сезону бүткөндөн кийин жумушсуз калбайбы деген суроого Сейитов төмөндөгүдөй жооп узатты.

"Дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө туристтик полициялар бар. Алар жыл бою иш алып барышат. Бизде деле бөлүм толук түзүлүп бүткөн соң жайы-кышы дебей эс алуучулар көп болгон аймактарда өз ишин башташат. Туристтик милициянын катардагы эч кандай офицердик наамы жок кызматкери 10 миң сомдун тегерегинде айлык алат. Анан жыл сайын айлык маянасы көбөйүп турат", - деди ИИМдин басма сөз кызматынын башчысы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(7)
16.08.2018. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Тоок казга тен келем деп буту сыныптыр дейт беле
16.08.2018. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Английский тил билгендерди алса жакшы болот.
16.08.2018. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Онмин сомго ким иштейт???жекалганын туристтерди тоноп акча тавышавы
16.08.2018. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Nanei,он миң сом эмес, 5-6 миң сомго иштеп жүрөм мугалим болуп 8 жылдан бери!
16.08.2018. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туалет казып 10000 тапса болот 1-2 күндө .
Анан туристтик полиция 1 ай темселеп, 10000 алабы ? Тамак ашы, жол киреси 5-6 миң сом болот.
Дегардация
16.08.2018. 17:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Rifle_I,Жумушу жоктор иштей берет да. 10мин эмес 2-3 минге мугалимдер деле иштеп журушпойбу.
16.08.2018. 21:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мынагы катарда тургандарды карагыла туткундардай болуп
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: