Бүткүл дүйнөлүк Универсиадага Кыргызстандан 98 спортчу катышат
Кыргызстандык спортчулар 6-июлдан 12-июлга чейин Татарстандын Казань шаарында өтүүчү Бүткүл дүйнөлүк Универсиадага катышат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Белгилүү болгондой, 170 өлкөдөн келген спортчулар катышуучу мелдеште 98 спортчу спорттун 12 түрү боюнча Кыргызстандын намысын коргошмокчу. Алар: дзюдо, бокс, эркин күрөш, жеңил атлетика, бел боо күрөшү, шахмат, сууда сүзүү, самбо, грек-рим күрөшү жана башкалар. Маалыматка ылайык, Бүткүл дүйнөлүк Универсиаданын жеңүүчүлөрүнө аталган министрлик 1 миллион сом бөлмөкчү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
aziz2000

01.07.2013. 10:23
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаштарыбыз ушинтип эле аракет кылып жатышат,колдон келишинче,болгон онорлору менен болсо да тияк-биякка барып, бирок окунучтуусу жогорку жактагыларыбыз болуп жатпайбы,7 кабат уйдун ичине батышпай бирин-бири чукулап.Жаштар, ийгилик силерге!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.