super.kg logo
  Саясат  

Экс-депутат Феликс Кулов: "Азыркы өкмөт коркуу менен иштеп жатат"

 

Таза суунун тарифин жогорулатуу, телефондорду 100 сом менен каттоо боюнча өкмөттүн демилгелери коомчулукта терс пикир жаратууда. Мындан улам күзүндө министрлер кабинети тарашы мүмкүн деген сөздөр айтыла баштады. Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган Кыргыз өкмөтүн күзүндө эмне күтөт?" деген соболуна Жогорку Кеңештин экс-депутаты Феликс Кулов өз пикирин билдирди.

Кулов бүгүнкү күндө өкмөт чечкиндүү кадамдарга бара албай жатканын айтты.

"Өкмөттүн азыркы ишинде кемчиликтер бар. Учурда Улуттук стратегия кабыл алынды, стратегия деген концепция сыяктуу да, ал эми бизде так, конкреттүү кадам болуш керек. Өкмөттүн ишинде азырынча андай кадамды көрө элекпиз. Пайдалуу, принципиалдуу маселе көтөрүп чыкса жакшы болот эле. Бирок эч бир министрдин идея менен чыкканын көрө элекмин. Баары унчукпай коркуп отурат, себеби кандайдыр бир чечим кабыл алса, эртең прокуратурадан келип текшерет, азыркы өкмөт коркуу менен иштеп жатат.

Өкмөт мүчөлөрүн алмаштырганда деле биз жаңы адамдар кандай программа менен келерин билбейбиз, талапкердин алгач программасын караш керек, анан кызматка алып келиш керек. Азыркы өкмөттүн тагдыры кандай болот белгисиз, курамды алмаштырып коюу менен маселе чечилбейт, талапкерди программа аркылуу тандаш керек. Ошондо мыкты адам келди деп айта алабыз", - деди Кулов.

Жогорку Кеңештин депутаттары Данияр Төлөнов, Улугбек Ормонов, саясий серепчи Нурсултан Акылбек, укук коргоочу Качкын Булатов жана коомдук ишмер Сапар Аргынбаевдин пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: