super.kg logo
  Саясат  

Коомдук ишмер Сапар Аргынбаев: "Бүгүнкү өкмөт эптеп жашамай жолго түшүп алды"

 

Таза суунун тарифин жогорулатуу, телефондорду 100 сом менен каттоо боюнча өкмөттүн демилгелери коомчулукта терс пикир жаратууда. Мындан улам күзүндө министрлер кабинети тарашы мүмкүн деген сөздөр айтыла баштады. Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган Кыргыз өкмөтүн күзүндө эмне күтөт?" деген соболуна коомдук ишмер Сапар Аргынбаевдин жообу төмөнкүдөй болду.

Аргынбаевдин пикиринде, учурдагы өкмөт эптемей күндү кечирип жатат.

"Азыркы өкмөт мурунку өкмөттүн эле агымы, алар салган из менен бараткандай, жаңы жагдай ачылып жатса деле ага карата жаңы чечимдер кабыл алынган жок. Кадрдык дайындоолорду деле карап көрүп, командасы жокпу же атайын начар кадрларды коюп жатабы, начар кадрды коюунун артында эмне турат деген маселелерге такаласың. Бүгүнкү күндө реформанын жыты да жок болуп жатат. Өкмөт отставкага кетсе деле артынан өзгөрүү, жылыш жасай турган адам келеби, белгисиз, учурда Кыргыз өлкөсүндө реформа жасайм деген топ жок болууда, болсо да андай топторду уккусу келбей жатышат. Бүгүнкү күндө өкмөт эптеп жашамай жолго түшүп алды. Коомчулукта өкмөттүн ишине нааразычылык күчөсө, алмаштыра коюшат, эл унчукпай койсо, булар деле жүрө беришет", - деди Аргынбаев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Данияр Төлөнов, Улугбек Ормонов, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Феликс Кулов, саясий серепчи Нурсултан Акылбек жана укук коргоочу Качкын Булатовдун пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: