super.kg logo
  Саясат  

"КСДП Атамбаевсиз" деген ураанды Чүй облусунун 3 району колдоду" дейт Сагынбек Абдрахманов

 

Панфилов району "КСДП Атамбаевсиз" деген ураанды колдоду. Бул тууралуу бүгүн, 16-августта SUPER.KG порталына Сагынбек Абдрахманов билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн Панфилов районунда КСДПнын ардагер мүчөлөрүнүн райондук конференциясы өттү.

"Конференциянын максаты - Сокулук жана Москва районунда кабыл алынган резолюцияны кабыл алуу. Бул конференцияга КСДП партиясынын Панфилов районундагы координаторун чакырып, отчётун угуп, "канааттандырарлык" же "канааттандырарлык эмес" деп табуу маселеси каралмак. Бирок жыйынга координатор келбеген соң, жаңы координатор кылып Улан Абрахмановду 7 айыл өкмөттөн келген делегаттар шайлап алышты. Конференциянын жыйынтыгында Панфилов району бир добуштан "КСДП Атамбаевсиз" деген резолюцияны кабыл алышты", - деди Абдрахманов.

Буга чейин Абдрахманов "КСДП Атамбаевсиз" деген ураандын алдында КСДП лидерлигинде отурууга Алмазбек Атамбаевдин моралдык укугу жок экенин айтып Москва жана Сокулук райондорунда жыйындарды өткөргөн.

КСДП партиясынын өкүлү Кундуз Жолдубаева Абдрахманов КСДПнын тизмесинде жок экенин, өтүп жаткан жыйындар КСДПнын катчылыгы менен биргеликте өткөрүлүшү керек экендигин айтып келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: