super.kg logo

Башкы прокуратура: "Казак активисти Муратбек Тунгышбаевге тагылган беренени өзгөртүү боюнча Казакстандан сунуш келген жок"

 

"Казакстан Муратбек Тунгышбаевге тагылган беренени өзгөртүү боюнча Кыргыз тарапка суроо-талап жөнөтүптүр", - деп бүгүн, 16-августта SUPER.KG порталына анын жактоочусу Нурбек Токтакунов билдирди.

"Муратбек Тунгышбаевге тагылган 405-беренени 256-беренеге өзгөртүү боюнча Казак тарап Кыргыз мамлекетине суроо-талап жөнөткөнүн мага жеке булактарым кабарлады. 405-берене (экстремисттик уюмдун ишине катышуу) менен адам 3 жылга чейин соттолсо, 256-берене (терроризмге үгүттөө же терроризмге ачык чакырык таштоо) менен 12 жылга чейин соттолот", - деди Токтакунов.

SUPER.KG порталы Башкы прокуратурага кайрылганда, Казакстан тараптан Тунгышбаев боюнча суроо-талап келбегенин билдиришти.

Ушул жылдын май айында Казакстандын Башкы прокуратурасы Кыргыз бийлигинен Тунгышбаевди экстрадициялоону суранган. Казак бийлиги аны бул өлкөдө тыюу салынган, бозгундагы оппозиционер Мухтар Аблязовдун "Казакстандын демократиялык тандоосу" кыймылын колдойт деп эсептейт.

Муратбек Тунгышбаев Астананын өтүнүчү менен 10-майда Бишкекте кармалган. 25-июнь күнү Октябрь райондук соту Башкы прокуратуранын Муратбек Тунгышбаевди экстрадициялоо чечимин колдогон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: