Катар мамлекети Түркияга каржы каатчылыгынан чыгуусу үчүн 15 миллиард доллар бөлөт
Катар мамлекети Түркияга 15 миллиард доллар өлчөмүндө каржылык колдоо көрсөтөт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка караганда, эки өлкөнүн башчылары 15-августта Анкара шаарында жолугуп, Катардын эмири Тамим бин Хамад аль-Тани түрктөрдүн каржы каатчылыгынан чыгуусуна акчалай жардам бере тургандыгын билдирген.
Эксперттер “бул Түркияны каржы каатчылыгынан куткарат” деген пикирлерин билдиришкен.
Жыл башынан бери Түркияда улуттук валютанын куну 40 пайызга чейин төмөндөгөн. 2018-жылдын январь айында 1 АКШ доллары 3,7 лирага барабар болгон болсо, учурда 6,3 лирага жетти. Ал эми 1 евро 4,5 лирадан 7 лирага көтөрүлгөн. Бул абалга расмий Анкара менен Вашингтондун карым-катышынын начарлашы себеп болгон.
Ушул жылдын 10-августунда АКШ Түркиядан алынып келген алюминий менен болотко бажы салыгын 20 пайыздан 50 пайызга чейин жогорулаткан. Дал ошол күнү Түркия лидери Режеп Тайип Эрдоган элди доллардан баш тартууга жана АКШдан чыгарылган электрондук товарларды сатып албоого чакырган. Мындан сырткары Кошмо Штаттардан алынып келген айрым товарларга бажы салыгын жогорулаткан.



Сириялыктарга жардам бербейби. Байдын тузун бай жалайт кылбай. Мусулмандар журушот го Европада нан сурашып, дагы христяндар деп коюшат ары жоктор. Андай болсо европага эмес Катарга барышпайбы нан сурашып.