super.kg logo
  Саясат  

ЖЫЛНААМА, 17-АВГУСТ: Жогорку Кеңештин депутаты Мыктыбек Абдылдаев 65 жашка толду

 

Жогорку Кеңештин депутаты Мыктыбек Абдылдаев 1953-жылы 17-августта Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Кара-Жыгач айылында туулган. Билими жогору. 1976-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филологиялык факультетин, 1989-жылы СССР ИИМдин Башкаруу академиясын Москва шаарында бүтүргөн. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи. Юридика илимдеринин кандидаты.

Эмгек жолун 1970-жылы Фрунзе шаарындагы Ленин атындагы заводунда иштеп баштаган.

1976-1981-жылдары – Фрунзедеги Советтик соода техникумунун комсомол комитетинин катчысы;

1982-1983-жылдары – Кыргызстан комсомолунун Ысык-Көл облустук комитетинин катчысы;

Кызы Жылдыз Абдылдаева менен 2002-жыл1983-жылдын декабрынан 1986-жылдын августуна чейин – Ысык-Көл облустук комитетинин ИИБ саясий бөлүмүнүн начальниги;

1986-жылдын августунан 1989-жылга чейин СССР ИИМ Башкаруу академиясынын студенти;

1989-жылы Ысык-Көл ОИИБинин башчысынын орун басары;

1990-жылдын февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, парламенттин туруктуу комиссиянын төрагасынын орун басары;

1991-жылдын ноябрынан тартып 1994-жылдын ноябрына чейин – Ысык-Көл ОИИБинин башчысы;

1994-жылдын ноябрынан тартып 2001-жылдын январына чейин – Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары, биринчи орун басары;

2001-жылдын февралында Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары жана президентке караштуу Эл аралык стратегиялык изилдөө институтунун директору;

2002-жылдын январында президенттин администрациясынын Коргоо жана коопсуздук иштери бөлүмүнүн башчысы;

2002-2005-жылдары – Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору;

2005-жылы Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин милдетин аткаруучу;

2006-жылдын майынан 2007-жылдын майына чейин – президенттин администрациясынын жетекчиси;

2010-жылдын октябрында "Ата-Журт" саясий партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты болуп шайланган;

2012-жылдын декабрында Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары;

2012-жылдын сентябрында парламенттик азчылык коалициясынын лидерлигине шайланган. Ошол эле жылдын октябрынан 2013-жылдын июнь айына чейин "Ата-Журт" парламенттик фракциясынын лидери;

2015-жылдын октябрында "Бир Бол" саясий партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болуп шайланган.

Юридика илимдеринин кандидаты. Милициянын генерал-лейтенанты. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи. Мамлекеттик кызматтын I класстагы мамлекеттик кеңешчиси.

I даражадагы "Аскердик кызматы үчүн" медалы, КМШ Парламенттер аралык Ассамблеясынын "Содружество" ордени менен сыйланган.

Неберелери менен

Үй-бүлөлүү, эки баланын атасы.

17-августтун жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: