super.kg logo
  Саясат  

Ысык-Көлдө Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн токой чарба министрлеринин жыйыны өтүүдө

 

Ысык-Көлдө Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн токой чарба министрлеринин жыйыны өтүүдө. Бул тууралуу Өкмөттүн алдындагы Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин маалымат кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, жыйынга Кытай, Монголия, Тажикстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Казакстан мамлекеттеринен делегация жана Кыргыз өлкөсүнөн тийиштүү мекемелердин жетекчилери катышып жатат. Иш-чаранын максаты - токой чарба тармагында биргелешип иш алып барууну өнүктүрүү жана бул багытта кызматташуунун жаңы жолдорун иштеп чыгуу.

Токой чарба агенттигинин директору Абдыкалык Рустамов: "Кыргыз жериндеги токойлор баштапкы калыбын сактап келе жатат. Бул Борбор Азияда чанда кездешчү көрүнүш десе болот. Алардын арасында Ош жана Жалал-Абад облустарындагы уникалдуу жаңгак токойлору бар. Алар маданий өсүмдүктөр чыгуучу борбор болуу менен бирге биологиялык ар түрдүүлүктү сактаган планетадагы ири массив болуп саналат. Токой тууралуу илим бул тармактын өнүгүшүнүн негизи боло алат. Мындан улам токой чарба саясатын ишке ашыруу жаңы ыкмаларды талап кылууда" , - деди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: