"Ош электр" ишканасынын өкүлү: "Ош жана Баткен облустарында электр жарыгын убактылуу өчүрүүлөр башталды"
Бүгүндөн баштап Ош жана Баткен облустарында электр энергиясын маал-маалы менен өчүрүүлөр боло турганын "Ош электр" ишканасынын өкүлү Нурлан Садыков билдирди. Мындай өчүрүүлөр 3 электр көмөк чордонунда оңдоп-түзөө жана "ВЛ-220 кВ Датка-Узловая" аба линиясын тартуу иштеринин башталганына байланыштуу болууда. "Электр энергиясын чектөө жана өчүрүү бизге зарыл, анткени жаңы аба линиясын иштетип алсак, келечекте электр энергияны жогорку деңгээлде берүүгө шарт түзүлөт",- дейт Садыков. Мындай өчүрүү 1-декабрга чейин уланат.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:54
2025-11-18
22:40
2025-11-18
15:55
2025-11-18
9:35
2025-11-18
8:59
2025-11-18
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















