super.kg logo

"Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу үчүн 2 миллиард 500 миллион сомго жарыяланган тендер 23-августта жыйынтыкталат

 

"Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитети 2 миллиард 500 миллион сомго жарыялаган тендер 23-августта жыйынтыкталат. Бул тууралуу бүгүн, 17-августта аталган мекеменин төрагасынын орун басары Кубаныч Шатемиров долбоордун презентациясында билдирди.

Шатемировдун айтымында, "Коопсуз шаар" бул "Акылдуу шаар" ири долбоорунун бир бөлүгү болуп саналат. Анын алкагында Бишкек шаарынын жолдорунда айдоочулардын жол эрежелеринин бузулуулары катталат.
"Коопсуз шаар" долбоорунун башкы максаты - бул унаа жолдорундагы кырсыктарды азайтуу, айдоочуларды тартип сактоого чакыруу болуп саналат.

Ошондой эле Шатемиров долбоордун алкагында 110 программалык-аппараттык комплекс орнотула турганын айтты.
Анын ичинен:
38 комплекс - Бишкек шаарындагы көчөлөрдүн кесилиштеринде;
4 комплекс - Тез кыймылдуу жолдордо;
48 комплекс - Бишкек-Ош, Бишкек-Чалдовар, Бишкек-Нарын-Торугарт, Бишкек - "Манас" эл аралык аэропорту;
20 кыймылдуу комплекс болот.

"Тендерди утуп алып, долбоорду ишке ашыра турган компания толук комплекстүү кызмат көрсөтөт. Ал камераларды орнотуп, туура иштеп жатышын жана кызмат көрсөтүүнүн көптөгөн технологиялык параметрлерин көзөмөлдөп турат. Катталган тартип бузуу фактылары Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы тарабынан иргелип унаанын ээлерине жөнөтүлөт", - деп белгиледи Шатемиров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(5)
17.08.2018. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Бизге али эрте эмеспи?
17.08.2018. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул долбоордун айынан кийин дагы ызы чуу болуп журушот эмеспи. Бул жеген, тиги жеген деп бири бирине шылтап.
17.08.2018. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Казакстанда камералар орнотулгандан кийин бюджетке бир жылдык планды 1айда таап берген азыр тушкон каражатка айлананын баарына камера орнотуп коопсуз шаарын камсыздап жатат
17.08.2018. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ото эле кымбат эмесби биздин кичинекей мамлекетибизге бул сумма
17.08.2018. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
тендер деген соз бул корупция деген эле соз да ушул нерсе кайактанда келди
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: