super.kg logo
  Саясат  

Бишкекте 6 кабаттуу оорукана ачылат

 

2-июлда саат 10:00дө Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын аймагында жаңы, 6 кабаттуу оорукананын салтанаттуу ачылыш аземи болот. 150 орундуу бул бейтапкана Кытай өкмөтү тарабынан гранттык негизде медициналык жабдыктар менен камсыздалгандыгын Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.  Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Мирбек Нуралиев белгилегендей, жаңы имаратта заманбап талаптарга ылайык жабдылган офтальмологиялык жана урологиялык бөлүмдөр жайгашкан. Алардын бардыгы операция жасоочу шарттары менен башкалардан айырмаланат. “Медиктер иштеши үчүн түзүлгөн заманбап шарттар жеке эле урологиялык жана офтальмологиялык жогорку талаптагы адистештирилген медициналык жардамды кыргызстандыктарга гана эмес, чет элдиктерге да көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзөт”,- дейт ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: