super.kg logo

"Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашырууга коротулган чыгымдарды тартип бузгандардан түшкөн айып акча жабары айтылды

 

"Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын бюджетинен акча сарпталбайт. Анткени бул үчүн коротулган бардык чыгымдар кайра эле тартип бузган жарандардан түшкөн айып акча менен жабылат", - деди Кыргыз Республикасынын маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Кубаныч Шатемиров бүгүн, 17-августта аталган долбоордун презентациясында.

Анын айтымында, долбоорду ишке ашыруу үчүн жарыяланган тендердин баштапкы наркы 2 миллиард 500 миллион сомду түзөт. Тендердин жеңүүчүсү долбоорду ишке ашырууда орун алган чыгымдар үчүн өзү жооп берет.

"Бюджеттен акча сарпталбайт. Долбоорду ишке ашырган компания чыгымдарды шаарда тартип бузгандардан түшкөн айыптар аркылуу актайт", - дейт Шатемиров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: