super.kg logo
  Саясат  

Депутат Кенжебек Бокоев: "Өкмөттүн облустардагы өкүлчүлүктөрү жоюлса, мамлекеттик чыгымдар азаймак"

 

SUPER.KG порталынын "Өкмөттүн облустардагы өкүлчүлүктөрү жоюлса, акимчиликтер менен өкмөт түз иштешип, аймактардагы маселелерди чечүү жеңилдеп, мамлекеттик чыгымдар азаяр беле?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев жооп берди.

Ал өкмөткө облустардагы өкүлчүлүктөрүн жоюуну эки-үч жылдан бери сунуштап жатканын айтты.

Биринчи кезекте облустук УКМКны, облустук прокуратураны, облустук ички иштер башкармалыгын, облустук статистикалык комитетин жоюу зарыл. Мисалы, облустук статистикалык комитеттин кимге кереги бар?

Тогуз-Торо районундагылар кышында Жалал-Абадга чогулушка Нарын аркылуу барышат экен. Ошондуктан облустук деңгээлдеги органдардын баарын жоюу шарт. Райондук прокурор түз башкы прокурор менен, РИИБдин башчысы министр менен, аким түз премьер-министр менен иштеш керек. Райондор ирилешсе, 40 район эмес, 25-30дай эле район калат. Премьер-министр 25-30 аким менен түз иштей албайбы эмне? Өкмөттүн облустардагы өкүлчүлүгү жоюлса, маселени пайдалуу чечүүгө мүмкүнчүлүк жаралат. Эки деңгээлдүү бюджетке өткөндөн кийин эки деңгээлдүү башкарууга өтүшүбүз керек. Чыгымдар дагы азаймак", - дейт ал.

Жогорку Кеңештин депутаттары Анвар Артыков, Карамат Орозова, вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаев, жарандык активист Алга Кылычевдин пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: