super.kg logo
  Саясат  

Депутат Карамат Орозова: "Аймактык башкарууда ирилештирүү иши аткарылса, облустар кыскарышы мүмкүн"

 

SUPER.KG порталынын "Өкмөттүн облустардагы өкүлчүлүктөрү жоюлса, акимчиликтер менен өкмөт түз иштешип, аймактардагы маселелерди чечүү жеңилдеп, мамлекеттик чыгымдар азаяр беле?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова өз оюн айтты.

Орозованын айтымында, аймактык башкарууда ирилештирүү ишин ишке ашыруу керек.

"Бизде аймактык реформа боюнча чоң программа турат. Аймактык реформа жүрүп, ирилештирүү иштери аткарылса, облустар өздөрү жоюлуп, айыл өкмөттөрдү кошуп аймактык орган түзгөндө башкаруу жеңил болот деген маселе туура. Себеби бүгүнкү күндө облустук, райондук администрациянын чындыгында бийлиги деле жок. Бизде буга чейин кыскартуу болгондо иш аткара турган кызматтар кыскартылып, ал эми кыскартыла турган кызматтар ордунда калган.

Бүгүнкү күндө ирилештирүү ишин аткаруу керек. Азыр бюджеттин көбү эмгек акыга кетип жатат. Калкы аз 2-3 айыл өкмөттү бириктирип бир район кылып койгон жерлер көп, ошондуктан ирилештирсек райондордун да саны азаймак. Калктын санына карап ирилештире турган болсок, түштүк аймагын 2 облус, түндүк аймакта 2 облус болуп, райондор дагы 44 эмес 20-30га түшүшү мүмкүн", - деди Орозова.

Жогорку Кеңештин депутаттары Анвар Артыков, Кенжебек Бокоев, вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаев, жарандык активист Алга Кылычевдин пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: