super.kg logo

Камактагы 2 оппозиционер ачкачылык кармоону токтото элек, 24 саат өттү

 

Камактагы саясатчылар Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров ачкачылык кармоону токтотуша элек. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Асанов менен Кадыровдун тамактан баш тартканына 24 саат болду. Биз аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз, бирок макул болушкан жок. Ал эми Жогорку Соттун чыгарган чечими келе элек", - дешти ЖАМКтан.

SUPER.KG порталы аталган маселе боюнча Жогорку Сотко кайрылганда, учурда Асанов менен Кадыровго чыгарылган соттун чечими жиберилдиби же жокпу, ошол маселени тактоо иштери жүрүп жатканын айтышты.

Кечээ, 16-августта саат 17:20да Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров өздөрүнө карата чыгарылган Жогорку Соттун чечимин ала албай жатканы айтып ачкачылык жарыялашкан.

2016-жылы 17-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту чыгарган өкүмгө ылайык, Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров "кылмышка даярдануу" жана "бийликти күчкө салып тартып алуу" беренелери боюнча күнөөлүү деп табылып, 12 жылдан эркинен ажыратылган.

Алар соттун мындай чечимине нааразы болуп №47-абакта 2018-жылдын 30-январынан 21-февралына чейин кургак ачкачылык жарыялашкан.

2018-жылы 7-июнда Жогорку Сот өкүмдү өзгөртүп, ар бирин 8 жылдан кескен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(2)
17.08.2018. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жөн койгула кармай беришсин, аларга окшогон жеп жутарлар толтура.
19.08.2018. 07:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ачкачылык жарыяласа эле сот мөөнөтүн азайта берсе, буларда жылда ачкачылык жарыялап эрте чыгып кетишет го
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: