super.kg logo

Балыкчыдагы аскердик бөлүмчөнүн командири Эмилбек Бактыбеков 15 күндөн бери дайынсыз болууда

 

Эмилбек Бактыбеков 2-августтан бери изделүүдө. Ал Балыкчы шаарындагы аскердик бөлүмчөнүн командири болуп иштеп жүргөнүн SUPER.KG порталына атасы Бактыбек Темиров билдирди.

Анын айтымында, Эмилбек Бактыбеков 27-июль күнү Балыкчыдагы аскердик бөлүктөн Бишкек шаарына барам деп чыгып кеткен.

"2-август күнү уулум мага байланышка чыгып, мен шаарда жүрөм, жумушума бир аз акча карыз болуп калдым деген. Мен өзүм иштеген жериңе алып барам, сен кете бер деп айткам. Ошол боюнча байланышкан жокпуз. Мен Ош шаарынан Бишкекке чыгып жатсам, аны менен аскерде бирге кызмат кылган бала мага телефон чалып: "уулуңуз менин телефонумду алып кетип калды" деп айтты.

Мен Оштон уулумдун досуна жолугуп, андан ары Балыкчыдагы жумушуна бардым. Чогуу иштегендеринен сурасам, телефонумду күрөөдөн чыгарып келем деп кеткенин айтышты. Ал жактан бардык документтерин алып келип койдум. Өзүбүз Ош шаарында жашагандыктан Эмилбектин да жумушун Ош шаарына котортуп жаткам", - деди изделип жаткан жигиттин атасы.

Издөөдөгү жаран ушул жылдын март айында Балыкчы шаарындагы аскердик бөлүккө Кой-Таш айылындагы аскердик бөлүктөн которулган. Ал 24 жашта.

Эмилбек Бактыбековду көргөн же билгендер болсо 0550 93 12 16, 0703 53 50 40 номерлерине байланышып, анын жакындарына кабарлап коюуну өтүнөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
17.08.2018. 19:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Тируу болсо болду да,акча учун жок кылышып жибердиби али,,,,,
17.08.2018. 20:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Аман-эсен табылсын. Бироонун чырактай баласын Аллахым сактасын. Акча кара жерге кирсин. Ата-Энеси азап тартпаса эле болду.
17.08.2018. 23:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азыр эле "олуктор ойгонот" деген чыгарманы окудум эле. Акча, кресло учун олгондор ойгонушту. Жон эле адамдарды олтуруп же камап салышты. ошолорго окшогондордун курманы болбоптурбу иши кылса аман эсен табылсын
22.08.2018. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аман эсен эле болсунчу... Атасы мен менен чогуу иштейт. Атасын коруп ушунча боорун ооруйт. Чырактай баласы дайыны жок....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: