Өзбекстандын Андижан облусунда топтошкон тургундар аялды сабап, көпчүлүктүн көзүнчө кийимин чечип салышты
Өзбекстандын Андижан облусундагы жергиликтүү тургундар аялды өз алдынча жазалоо аракетин көрүшкөн. Бул тууралуу жергиликтүү басылма Учтепин райондук кеңешинин депутатынын билдирүүсүнө таянып жазып, окуянын видеосун жарыялаган.
Маалыматка караганда, мындай окуя Андижандын Шахрихан районунда болгон.
Видеодон аялды топтошкон адамдар кармап алып, айрымдары чаап жатканын көрүүгө болот. Мындай кыйноодон коргонууну көздөгөн аял алардын колунан бошонуп качууга аракет жасайт. Бирок артынан түшкөн аялдар жетип барганда ал капыстан сууга түшүп кеткен. Бул учурда каналдын жээгиндегилер анын үстүнөн кийимин чечип салышкан.
"Видеодо аялды сабап жатышканы даана көрүнөт. Бул жерде топтошгон айрым адамдар акыл-эсин жоготкондой эле кадамга барышкан. Мындай эч качан болбошу керек. Күнөөсү болсо, анда анын кандай жаза аларын бир гана сот чечет", - деп жазган жергиликтүү депутат.
Учурда бул чырдын чоо-жайы аныкталып жаткандыгы кошумчаланган маалыматта.
Андижанда аялды тургундар өз алдынча жазалоого аракет кылышкан



Самосудга тушунугу тайкылар барат...