Орусияда Кыргыз жараны токко урунуп каза болду

Орусиянын Тула облусунда 24 жаштагы Кыргыз жараны токко урунуп каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 18-августта Кыргыз мусулмандар дин башкармалыгынын Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн кайрымдуулук фондунан кабарлашты.
Маалым болгондой, Баткен облусунун Лейлек районунда туулган Р.К. аттуу жаран 16-август күнү кечинде үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес. 17-август күнү анын жансыз денеси электр зымы тартылган мамынын жанынан табылган. Маркумдун сөөгү Венёв шаарынын өлүк сактоочу жайына жеткирилип, соттук-медициналык экспертизага жиберилген. Жыйынтыгында маркумдун баш сөөгүн ток тартканы аныкталган.
Маркумдун сөөгү ушул эле күнү учак аркылуу Лейлек районуна жөнөтүлдү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:00
2025-07-20

10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
-1

Бул бала токко урунуптур мунун кандайча чондорго тиешеси бар. Ар бир кадамыбызды чондорго жуктоп берип койолу анда.