super.kg logo

Чүйдөгү жол четинде турган жайма базарлар алынып жатат

 

Чүй облусунун ири унаа жолдорунун четинде турган жайма базарлар алынып жатат. Учурда облустук милиция менен мамлекеттик администрация кызматкерлери жол четиндеги жайма базарларды жок кылуу боюнча рейд өткөрүп жатканын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан кабарлашты.
Рейд 14-августта башталган. Маалым болгондой, рейд азыркы тапта Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун Кант шаарына чейинки аймагында жүрүүдө. Ошондой эле Сокулуктан Бишкек шаарына чейинки жол четинде турган жайма базарлар алына турганы айтылды.

"Соодагерлер бир жерде аралаштырып сатса болбой турган товарларды сатып жатышат. Мисалы, дарбыз менен унаанын аккумуляторун. Ошондой эле ал жерлерде соода кылгандары мыйзамсыз. Сатуучуларга мындан эки ай мурун эле эскертүү берилген жана алар тоготпостук мамиле кылып келишкен", - деп айтышты башкармалыктын маалымат кызматынан.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
18.08.2018. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Базар эле эмес жол четиндеги "парковка"лардыда жок кылыш керек. Себеби жолубуз тар, эки же уч катар машина журуго болбой калды. Жада калса Бир катарда кееде журууго болбой калат.
18.08.2018. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Берекеттин жанындагы жол да базар болуп кетиптир. Машине эмес адам өткөрбөй калышыптыр. Ошону да тазалагыла!
18.08.2018. 19:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Исфанада базырдын жанында тратурлар базар эле болуп кеткен ошолорду дагы жок кылгыла
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: