super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 18-АВГУСТ: Мурдагы өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев 63 жашка толду

 

Бүгүн, 18-августта мурдагы өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев 63 жашка толду. Кыргыз өлкөсүнүн 21-өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев 1955-жылы Фрунзе шаарында жарык дүйнөгө келген.

Ал 1978-жылы Ленинград мамлекеттик университетин физика адистиги боюнча бүтүргөн (артыкчылык диплому менен аяктаган). Ал эми 1981-жылы Москвадагы СССР ИА физика институтунун аспирантурасын аяктаган.

1981-2005-жылдары – Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер академиясында кенже, ага илимий кызматкер, плазма спектроскопия лабораториясынын башчысы.
1985-1996-жылдары – Кыргыз мамлекеттик университети, ага окутуучу, доцент, физика факультетинин профессору (негизги иши менен сыйыштырып иштеген).
1993-1996-жылдары – Эйндховен технологиялык университети (Голландия), чакыруу менен барган профессор.
1996-2005-жылдары – Кыргыз-Орус Славян университети, табигый-техникалык факультетинин профессору, лаборатория башчысы.
1996-1999-жылдары – Борбордук Азиядагы "Филипс Электроникс" корпорациясынын өкүлчүлүгү, башкы аткаруучу директор.
1999-2002-жылдары – Борбордук Азиядагы "Филипс Электроникс" корпорациясынын өкүлчүлүгү, вице-президент.
1997-жылы – КР УИА "Жалын" Илимий-инженердик борбору, лаборатория башчысы.
1997-жылы – Нидерланды падышалыгындагы КРнын ардактуу консулу.
2000-жылдан – 2006-жылдын апрель айына чейин – "Менин Өлкөм" партиясынын координатор-лидери. 2000-жылы КР ЖК шайлоосунда партиянын тизмесинде алгачкы болуп турган. Шайлоодон кийин депутаттык мандаттан баш тарткан.
2001-жылдын 22-августунан – 2004-жылдын 7-февралына чейин – КР президентинин чет элдик инвестицияларды тартуу боюнча өкүлү, атайын өкүлү.
2001-2005-жылдары КРнын Ооганстанга – экономикалык жактан жардам берүү өкүлчүлүгүндө атайын өкүл.
2002-жылдын 30-майынан 2005-жылга чейин – экономикалык маселелер боюнча КРнын вице-премьер-министри
2005-2006-жылдары – "Инвестициялык тегерек стол" коомдук уюмунун башкы директору.
2006-жылдын декабрынан баштап 2011-жылга чейин – инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча европалык өнүктүрүү банкында башкы кеңешчи
2010-жылы "Ата Мекен" партиясынын тизмеси менен парламенттик шайлоого катышкан.
2011-2012-жылдары экономика жана инвестиция боюнча КРнын вице-премьер-министри.
2012-жылдын 24-августунан 6-сентябрга чейин – экономика жана инвестиция боюнча КРнын вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу.
2012-жылдын 6-сентябрында КРнын биринчи вице-премьер-министри, ал эми 2014-жылдын 4-апрелинде КРнын премьер-министри болуп дайындалган.
2015-жылы 23-апрелде Жоомарт Оторбаев кызматтан кете турганын парламенттин жалпы жыйынында билдирип чыккан. 24-апрелде Алмазбек Атамбаев премьер-министр Жоомарт Оторбаевди кызматтан бошоткон.
18-августтун жылнаамасы.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
18.08.2018. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ссылка жокко
18.08.2018. 20:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башынан чон галстугунан башка созго алынбаган Жоомарт Оторбаев жонундо уккум да келбейт... Саны коп сапаты жок премьерлер парады Кыргызстанды сазга тыкты. Озбекстанда 15 жыл премьер министр болуп бир гана адам иштеди, анан президент болуп которулду. Ал азыркы Мирзиеев. Бизле байпак алмашкандай алмашат. Сасып кетсе ыргытышат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: