super.kg logo
  Саясат  

Жалал-Абад. Шаарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча жарыяланган эки айлыктын жеңүүчүлөрү сыйланды

 

Жалал-Абад шаардык мэриясынын буйругу менен март айында шаар аймагында айлана-чөйрөнү архитектуралык талаптарга ылайык көрктөндүрүү, жашылдандыруу, санитардык жана инженердик инфраструктуранын абалын жакшыртуу боюнча эки айлык жарыяланган. Анын алкагында кароо-сынактын жеңүүчүлөрү аныкталып, акчалай сыйлыктарга ээ болушту. Андан сырткары "Үлгүлүү үй", "Үлгүлүү көчө" номинациялары боюнча жеңүүчүлөр белгилүү болду. "Бул кароо-сынакка мэрдин резервдик фондунан 50 миң сом акча бөлүнгөн. Калаада жалпы беш аймактык башкармалык бар. Аталган иш-чарада "Курманбек" аймактык башкармалыгы биринчи орунду алса, "Достук" аймактык башкармалыгы экинчи орунду ээледи. Ал эми "Спутник" аймактык башкармалыгы үчүнчү орунду алды. Ошондой эле активдүү катышуучулар дагы акчалай сыйлыктарга ээ болушту",- деп билдирди биринчи вице-мэр Таирбек Чойбеков.    






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: