super.kg logo

Өзүн милиция кызматкери катары тааныштырып, алдамчылык менен алектенүүгө шектелген адам кармалды

 

өзүн милиция кызматкери катары тааныштырып, алдамчылык менен алектенүүгө шектелген адам кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан 18-августта кабарлашты. Маалым болгондой, министрликтин Криминалдык милиция кызматына 29 жаштагы жаран арыз менен кайрылып, Жаныбек аттуу чала таанышына чара көрүүнү суранган. Жазган арызында ал алдоо жолу менен ири суммадагы акча каражатын алып, качып кеткендигин билдирген.
"Ал өзүн милиция кызматкери катары тааныштырып, көйгөйүн чечип берем деп жабырлануучунун ишенимине кирген. Өз жардамын берүү үчүн 1 миң долларын алып, кийин изин жашырып качып кеткен.
Жогорудагы факты боюнча ушул жылдын август айында Бишкек ШИИББинин тергөө кызматы тарабынан кылмыш иши козголгон. Ошондой эле Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында алдамчылык менен алектенип жүргөндүгү да маалым болгон. Тергөөнүн жүрүшүндө жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары 1989-жылы туулган Жаныбек Кенжекараев аттуу адам кармалган. Кармалган жаран Талас облусунун тургуну болуп, Бишкек шаарында убактылуу жашап жүргөн. Ошондой эле,кармалган жаран ички иштер органдарына эч кандай тиешеси жок", - деп билдиришти ИИМден.
Азыркы учурда кармалган жарандын ушул сыяктуу башка дагы кылмыш ишине тиешеси бар экени иликтенип жатат. Министрлик жогорудагы жарандан жабыркагандар жана ал боюнча маалыматтарды билгендер болсо, 0 (312) 26 63 21, 0 (555) 36 50 01, 0 (701) 75 85 75 номурлары аркылуу байланышууңарды суранат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
19.08.2018. 08:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сүрөтү жок го.балким алдангандар жүзүнөн тааныйт беле.өзүн ар түрдүү ысым менен тааныштырып алдап жүргөндүр
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: