Москвада Кыргыз жаранын унаа сүзүп кетти
Орусиянын Москва шаарында кыргыз кызды унаа сүзүп кетти. Окуя 15-август күнү кечинде шаардагы Новомарьинск көчөсүндө болгонун Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинен кабарлашты. Маалым болгондой, аны унаа жөө адамдар өтчү жерден өтүп баратканда сүзүп кеткен.
Кырсыктан жаракат алган жаран шаардагы ооруканалардын биринин жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Дарыгерлердин айтымында, кыздын жамбаш сөөгүнөн жарака кетип, оң буту сынган. Абалы оор экендиги айтылды.
Факты боюнча Орусиянын мыйзамдарына ылайык кылмыш иши козголуп, тергөө иштерин элчилик өз көзөмөлүнө алды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:00
2025-07-16

17:00
2025-07-16
Рейтинг:
0

ыраазычылык кылып кой.токоч десе
магазинден эмес. 7 оймо салып кой
тууган