Ноокенде тургундардын президент менен жолугушууга аракет кылганы үчүн жоопко тартылганы териштирилет
Ноокенде тургундардын президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууга аракет кылганы үчүн жоопко тартылганы териштирилет. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат катчысы Толгонай Стамалиева кабарлады.
Стамалиева сот тарабынан айып пулга жыгылышкан болсо, акчасы кайра төлөнүп бериле турганын белгиледи.
"Ноокен районунун акими бул апалар менен жолугат, алардын арыздарын мазмунуна карата тийиштүү мамлекеттик органдар карап чыгат. Эгер президентке тийиштүү болсо, президенттин аппараты жооп берет. Ноокен районунун акими бизге билдиргендей, эгерде апалар айып төлөгөн болсо, аларга акча кайтарылып берилет. Окуя боюнча Ички иштер министрлиги да жергиликтүү тургундарга карата милиция кызматкерлеринин бул чечими боюнча териштирүү иштерин жүргүзөт", - деди Стамалиева.
Президент Сооронбай Жээнбеков 15-август күнү Кочкор-Ата шаарында жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөргөн. Бирок Ноокен районунун Сакалды жана Арал айылынан келген 5 аял тизмеде жок болгону үчүн жолугушууга кире албай калган. Милиция кызматкерлери аларды шаардык милиция бөлүмүндө 5 сааттай убакыт кармап отуруп, кийин Ноокен райондук сотуна алып барган. Райондук сот Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекстин 371-беренеси менен күнөөлүү деп таап, ар бирине 500 сомдон айып пул салган.



500 сомго бир нөл кошуп төлөсө жетеби ?
Теледен болсо эл деп, жергиликтуу бийлик кызматкерлерин корсотуп койду, арасында карапайым элден эч ким жок...
Озунор ойлогула, Ноокен, Базар-Коргон деген 2 чон райондон, анан калса Кочкор-Ата, Майлу-Суудан баары биригип 400 адам менен жолукса Соке, ошол 400 адам жергиликтуу бийлик окулдору болсо, ар айыл окмоттон 23 кишиден чогулган.
Соке, Соке дейсинер, мына силерге Сокенер! Дагы азыр "дужурлор" жок, Соке эл менен учурайт деп сайрап жатты эле Сокенин арыгын чапкандар..