super.kg logo

Бишкекте 15 жаштагы өспүрүм эркек кишиге бычак сайып, ага карата кылмыш иши козголду

 

Бишкекте 15 жаштагы өспүрүм бала эркек кишиге бычак сайып, ага карата "бейбашчылык" беренеси" менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинин басма сөз катчысы Адыл Оморов билдирди. Окуя 12-август күнү Бишкектеги үйлөрдүн биринин короосунда болгон.

"17-18 жаштардагы өспүрүмдөр туура эмес жүрүм-турумда отурушкан. Ошол эле короодо сейилдеп отурган келинге келип уруш чыгарып, жолдошун сыртка чакырууну өтүнгөн. Келиндин жолдошу сыртка чыкканда аны ар кандай жаман сөздөрдү айтып коркутуп, анын колуна бычак сайган. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып шектүү катары өспүрүмдү кармашкан. Кармалган бала 15 жашта болгону аныкталды", - деди басма сөз кызматкери.

Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалганын кошумчалады.

Ал эми Фейсбук социалдык баракчасына Никита Наабер деген ат менен колдонуучу 12-август күнү жогорудагыдай окуя катталганын жана анын колуна бычак сайганын жазып чыккан.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
19.08.2018. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жетимдер ###
19.08.2018. 20:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эрте чоноюшкан го
20.08.2018. 08:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ээн баштарды мурдунан куртун тушуруш керек ушундайында олтуруп койсо эмне болот эле...Камагыла эми дагы кичине тыйынын алып кое бербей
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: