super.kg logo
  Саясат  

Түркияда полиция менен демонстранттар кайрадан кагылышты

 

Түркиянын түштүгүндөгү Мерсин шаарында демонстранттар менен полиция кызматкерлеринин ортосунда кагылышуу болду. Маалыматтар боюнча, 30-июнда болгон бул баш аламандыкта ондогон адам жаракат алды, анын ичинде 2 журналист, 7 укук коргоо кызматкери бар. 500дөй демонстрант аталган шаардагы соода борборлорунун биринин алдына топтолушуп, борбордук аянтка өтмөкчү болушкан. Бирок полиция жолду атайын техникалар, кордон менен тосуп турушту. Тартип сактоочулар үн күчөтүүчү аппарат менен чогулгандарды таркап кетүүгө үндөп эскертүү берди, бирок натыйжа чыккан жок. Эки тарап кагылышып, көздөн жаш агызуучу жардыргыч заттар жана суу менен аткылоолор, таш, бош бөтөлкө ыргытуулар болду. Демонстранттардын бир бөлүгү кетип, калганы жакын жердеги кафе, ресторандагы стол, стулдар, таштанды урналары менен көчө тосмосун курууга аракет жасашты. Учурда шаардагы абал оор бойдон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: