super.kg logo

Ирандын тышкы иштер министри: "АКШ өлкөдөгү бийликти кулатууга кызыкдар"

 

Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф АКШ Ирандагы бийликти кулатууга кызыкдар экенин айтты. Бул тууралуу ал интернеттеги баракчасына жарыялаганын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Министр АКШ өлкөдөгү бийликти кулатуу максатында "атайын аракет жасаган топ" түзүп жатат деп жазган өз билдирүүсүндө.

"Мындан 65 жыл мурун АКШ бийлиги Ирандагы эл шайлаган демократиялык өкмөттү кулатып, диктатураны орноткон. Учурда атайын топ жалган маалыматтын жардамы менен ал окуяны кайра жасагысы келүүдө", - деп жазган Зариф.

Буга чейин май айында АКШ президенти Дональд Трамп Иран менен дүйнөлүк алты ири өлкөлөр кол койгон өзөктүк макулдашуудан чыккан соң Иранга каршы санкциялар кайра киргизилерин айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
20.08.2018. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Америка жаман копту да.дуйнону каалагандай кылып.кааласа санкция киргизет.кааласа алып койот.нефтиси коп олко болсо согуш кылып алып койот.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: