Жайкы Азия оюндары: Кыргыз суучулу Елизавета Рогожникова жарышта 27 спортчунун арасынан 15-орунду ээлеп калды
Кыргыз суучулу Елизавета Рогожникова Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарында 100 метр аралыктагы жарышта финалдык этапка өтө албай калды.
Бүгүн, 20-августта сууда сүзүү боюнча мелдеш старт алып, анда 7 медалдар топтому ойнотулууда. Анда 100 метр аралыктагы жарышта Кыргыз суучулу Елизавета Рогожникова катышып, тилекке каршы, финалдык этапка өтө албай калды. 13 жаштагы спортчубуз 27 суучулдун арасында 15-орунду ээлеп калды.
Буга чейин Рогожникова 200 метр аралыктагы жарышка катышып, 12-орунду ээлеп калган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.