super.kg logo

ИИМ "Аймактарды өнүктүрүү жылына" карата футболдук таймаш өткөрдү

 

Ички иштер министрлигинин демилгеси менен Сокулук районунда "Ынтымак" аталышындагы футболдук таймаш болуп өттү. Таймашка Панфилов, Москва, Жайыл, Сокулук, райондорунун спортчуларынан куралган 16 команда катышкандыгын Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Футболдук мелдеш 19-август күнү Сокулук районундагы стадиондо болуп, ага ички иштер министри Кашкар Жунушалиев, өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары жана Чүй ОИИББинин башчысы катышкан.

Турнир мамлекет башчынын "Аймактарды өнүктүрүү жылы" боюнча жарлыгынын алкагында биримдикти жана достукту чыңдоо үчүн өткөрүлүп жатканы жазылат маалыматта.

Таймашта командалар 4 футболдук аянтта күч сынашып, жыйынтыгында Панфилов районунун "Партсъезд" командасы атаандаштарын жеңип 1-орунга чыкса, Жайыл районунун "Ак-Башат" командасы 2-орунду ээледи, ал эми 3-орунду Жайыл районунун "Сары-Булак" командасы камсыз кылып, жеңүүчүлөр медалдар, диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышкан. Андан сырткары "Мыкты чабуулчу", "Мыкты оюнчу", "Мыкты коргоочу" жана "Мыкты дарбазачы" деген наамдар өзгөчөлөнгөн оюнчуларга тапшырылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: