super.kg logo

Камактагы саясатчылар ачкачылык жарыялаганына 4 күн болду. 2-3 күн аралыгында чара көрүлбөсө талаптарын күчөтөрүн билдиришкен

 

Бийликти басып алууга айыпталып камалган Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров ачкачылык кармоону токтото элек. Бул тууралуу бүгүн, 20-августта SUPER.KG'ге "Саясий туткундарды коргоо" комитетинин мүчөсү Зульфия Марат кабарлады.

"Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров ачкачылык кармоону токтото элек. Ал эми Жогорку Соттун чечимин бүгүнкү күнгө чейин алыша элек. Эгер 2-3 күндөн кийин деле соттун чечими барбаса талаптарын күчөтөрүн билдиришти", - деди Зульфия Марат.

Жогорку Сот Асанов менен Кадыровго чыгарылган соттун чечими жиберилдиби же жокпу, ошол маселени тактоо иштери жүрүп жатканын билдиришкен.

16-августта саат 17:20да Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров өздөрүнө карата чыгарылган Жогорку Соттун чечимин ала албай жатканын айтып ачкачылык жарыялашкан.

2016-жылы 17-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту чыгарган өкүмгө ылайык, Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров "кылмышка даярдануу" жана "бийликти күчкө салып тартып алуу" беренелери боюнча күнөөлүү деп табылып, 12 жылдан эркинен ажыратылган.

Алар соттун мындай чечимине нааразы болуп №47-абакта 2018-жылдын 30-январынан 21-февралына чейин кургак ачкачылык жарыялашкан.

2018-жылы 7-июнда Жогорку Сот өкүмдү өзгөртүп, ар бирин 8 жылдан кескен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
20.08.2018. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
1кун ачка журуу деле оной эмес бирок.....
20.08.2018. 16:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ачкачылык жарыялагыдай эмне тамак бербей атыптырбы. Өздөрүнө, өздөрү кылат. Жата бергиле ачка.
20.08.2018. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
мамлекеттен уурдап жеп уялбай дагы, жазага тартылып мамлекетке кайтаруунун ордуна ачкачылык деп, оздоруно койсун ачка деле олтурушат канчалаган карапайым элдер ошолорго окшогон акмак жэмкорлордун айынан
20.08.2018. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Башкасы эмне иш менен олтурганын билбедим бирок Бектур Асанов саткын элдин баары билет ал озунун ордунда эле олтурат.
Suzak12 түзөттү 2018-08-20 16:44:46
20.08.2018. 22:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Булар Кубан айтка эле даярданып ашказанын тазалап жатышат. Эртеңден баштап эт жешет
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: